Министрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодо
Кытайлык компания Кыргызстанда цемент заводун курууга кызыкдар
26.05.2026 | 18:22

Бүгүн, 26-майда, Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кытайдын «Синьтай Янлинь Цемент» жана «Синьтай Тайсин Механикалык Жабдуулар» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Анда Кыргызстанда заманбап цемент заводун куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси каралды.
Агенттиктин маалыматында, аталган компаниялардын өкүлдөрү өлкөнүн курулуш тармагына инвестиция салууга жана өндүрүш комплексин ишке киргизүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришкен.
Жыйынтыгында тараптар цемент куруу долбоорун деталдуу иштеп чыгууну улантууну макулдашышкан. Анын алкагында курулуш үчүн аянтчаларды тандоо жана инвестициялык параметрлерди изилдөө иштери жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Завод, инвестиция