Садыр Жапаров Ирандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

26.05.2026 | 18:08
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан

Бүгүн, 26-майда, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүү Иран тараптын демилгеси менен болгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин келе жаткан Курман айт майрамы менен куттукташып, Кыргызстан жана Иран элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашкан.

Андан кийин Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган уюмдун саммитин уюштуруу маселелерин карашкан. Садыр Жапаров Кыргызстан ШКУга төрагалык кылуучу өлкө катары уюмдун тынчтыкты жана кызматташтыкты камсыз кылуудагы ролун чыңдоого маани берерин билдирген.

Аймактык күн тартибин кароодо Садыр Жапаров диалогду улантуунун жана келип чыккан бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле кыргыз тарап Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын жөнгө салынышына жана туруктуулуктун калыбына келишине үмүт артарын билдирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары кыргыз-иран мамилелерин достук духунда мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташкан.

Scroll to Top