Кызды зордуктап өлтүрүүгө шектелген жаран кыйноого кабылганын айтты

Кызды зордуктап өлтүрүүгө шектелген жаран кыйноого кабылганын айтты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишеним телефонуна Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын кыйноого алынгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү дароо Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып, О.А. аттуу жаран менен жолугушкан. Анын бетинде жана денесинде көк ала тактардын издери көрүнгөн.

Шектүүнүн айтымында, ал 10-ноябрда РИИБге алынып келинип, сурак берген жана анда ал кызды зордуктап, өлтүргөнүн мойнуна алган. Башка кылмыштарды жасагандыгын моюнга алуу үчүн аны эки күн таяк менен сабап, 12-ноябрда убактылуу кармоочу жайга камап салышкан.

Аталган борбордун кызматкерлери ур-токмоктун тактарын сүрөткө тартып, кыйноо боюнча арыз жазышкан. Шектүүнүн денесиндеги зомбулуктун тактары боюнча медициналык экспертиза жүргүзүлүшү үчүн Стамбул протоколун толтуруп, тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок ошол маалда өлтүрүлгөн кыздын жакындары имаратка келип, аталган борбордун кызматкерлеринен текшерүүнү токтотууну талап кылып, аларга карата коркутуулар болгон. Жеке коопсуздук маселелеринен улам аталган борбордун кызматкерлери жана келген дарыгерлер убактылуу кармоочу жайдан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Улуттук борбор киши колдуу болгон кыздын үй-бүлөсүн адаштырып, аларга борбордун максаттары жана иши тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар берилип жатканын болжолдоодо. Укук коргоочулар маркумдун жакындарынын эмоционалдык абалын манипуляциялоого жол бербөө жана ал кылмыш экенин белгилешет.

Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков бардык жагдайларды тактоо үчүн убактылуу кармоочу жайга барган. Ноокен РИИБдин кызматкерлери аталган борбордун кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылып, арыз ээси менен жолугушууга, болгон окуянын чоо-жайын изилдөөгө уруксат беришкен эмес. Кайрадан тез жардам чакырылып, кайра милиция кызматкерлери аларды өткөрбөй коюшкан.

Милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери жана кесипкөй эмес жүрүм-туруму менен чыр-чатактарды жаратышканын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун басма соз кызматы баса белгиледи. Бул үч күндө аталган борбордун жана тез жардам кызматынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылуунун экинчи фактысы болду.

Айыпталуучуга шашылыш медициналык жардам көрсөтүлө элек жана ал медициналык кароодон өтө элек.

«Эч кимдин тергөө процессине, анын ичинде улуттук борбордун ишине кийлигишүүгө укугу жок. Эгерде адам кылмыш жасаган болсо, анын күнөөсү мыйзамдуу түрдө далилденсе жана соттун айыптоо өкүмү менен аныкталган болсо, ал тиешелүү жазасын алышы керек. Сот гана жазаны чече алат, ал эми эч ким кыйноого алынбашы керек, эркиндигинен ажыратылган ар бир адам адамгерчиликтүү мамиле жасоого жана адамдык ар-намысты сыйлоого укуктуу”, — дейт Бакыт Рысбеков.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>