Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жалал-Абаддын Арал айылында 75 орундуу бала бакча курулат
18.11.2022 | 10:01
Жалал-Абад облусунун Арал айылында 75 орундуу бала бакча курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Бала бакчаны курууга 42 млн 632,1 миң сом сарпталары каралган.
Тендер 17-ноябрда жарыяланып, арыздар 2-декабрга чейин кабыл алынат.
Тендерди уткан компания келишим түзүлгөндөн кийин бала бакчаны 18 айда куруп бүтүшү зарыл.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом