Кызмат ордуна 34 күн келбей койгон аскерге сот өкүмү чыкты

Кызмат ордуна 34 күн келбей койгон аскерге сот өкүмү чыкты

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп, кызматына жүйөөсүз 34 күн келбей койгон аскер кызматкерине сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Маалым болгондой, иш Ош шаардык сотунда каралган. К. Ы. (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран былтыр сентябрь айында Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин инженердик-сапердук ротасына улук сапер болуп дайындалган. Кызмат өтөп жүрүп, 2-ноябрдан 6-декабрга чейин, жалпы 34 күн эч себепсиз кызмат ордуна келген эмес.

Айыпталуучу көрсөтмөсүндө, күнөөнү мойнуна алып, жасаган ишине өкүнөрүп жатканын айткан. Ал билдиргендей, сентябрь айында 150 миң сом карыз болуп калып, карыздан кутулуу үчүн башка жакта иштеп жүргөн. Ага байланыштуу кызмат ордуна келген эмес. Ошондой эле ага жеңил жаза берилишин суранган.

Соттун өкүмү менен айыпталуучу 1 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда ага пробациялык чара колдонулуп, ал 1 жыл деп белгиленген. Ага байланыштуу айыпталуучу эркиндигинен ажыратуу жазасын бошотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>