6-август: өлкөнүн айрым аймактарда жаан жаайтСаламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилген
Кызматтан алынган Бейшеналиевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу дайындалды
03.02.2025 | 22:33
Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат.
Эскерте кетсек, 2023-жылы сентябрдан тарта Саламаттык сактоо министрлигин экинчи жолу жетектей баштаган Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 3-февралда кызматтан бошотулган.
Эркин Чечейбаев 2018-2020-жылдары саламаттык сактоо министринин орун басары болуп иштеген.
https://reporter.kg/alymkadyr-bejshenaliev-kyzmattan-ketti/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом