Аккредитациядан өтпөгөн медициналык окуу жайлардын студенттери башка ЖОЖдорго которулат

04.08.2026 | 16:27
Студентов медицинских учебных заведений, не прошедших аккредитацию, переведут в другие вузы — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн медициналык окуу жайлардын студенттерин аккредитацияланган мекемелерге которуу процессин баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим президенттин тиешелүү жарлыгынын жана медициналык билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик монополияны караган №6 мыйзамды ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган

Министрликтин маалыматында, которула турган студенттер арыздарын жана тиешелүү документтерин 10-августка чейин тапшырууга тийиш. Процедура мамлекеттик негизде акысыз жүргүзүлөт.

Ага ылайык, жогорку окуу жайлар боюнча которуу тартиби төмөнкүдөй жүрөт:

  • Аккредитациядан өтпөгөн окуу жайларда билим алган Кыргызстандын жарандары И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА) которулат.
  • Роэль Метрополитен университетинин студенттери — Түштүк Азия университетине.
  • «Авиценна» жана «Альтамими» эл аралык университеттеринин студенттери — Эл аралык Европа университетине.
  • Борбордук Азия эл аралык медициналык университетинин «Фармация» багыты — Б. Осмонов атындагы ЖАМУга, «Дарылоо иши» — Жалал-Абад эл аралык университетине.
  • «Салымбеков Университет», «Адам» университети жана И. Арабаев атындагы КМУнун «Дарылоо иши» багыты — Эл аралык жогорку медицина мектебине.
  • Евразия эл аралык университети жана Эл аралык медициналык университет — КУУнун окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине.
  • Ош эл аралык медициналык университети — Ош мамлекеттик университетине.
  • Бишкек эл аралык медициналык институту жана Эл аралык медицина жана илим университети — С. Тентишев атындагы Азия эл аралык университетине.
  • Кыргыз медициналык-стоматологиялык институтунун жана «Ала-Тоо» эл аралык университетинин «Стоматология» жана «Фармация» багыттары — КММАга.

Орто кесиптик окуу жайлар (колледждер) боюнча:

  • «Уникум», №1 медициналык-фармацевтикалык колледж жана «Авиценна билим» — Медициналык-фармацевтикалык колледжге.
  • Н.И. Пирогов атындагы колледж — Кара-Балта медициналык колледжине.
  • Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжи — Каракол медициналык колледжине.
  • Кочкор-Ата региондук колледжинин «Шебике иши» жана «Акушердик иш» бөлүмдөрү — Майлуу-Суу медициналык колледжине, «Фармация» бөлүмү — Жалал-Абад медициналык колледжине.
  • Токтоматов атындагы эл аралык университеттин колледжи — Жалал-Абад медициналык колледжине.
  • «Авиценна» колледжи — Бишкек медициналык колледжине.

Министрлик ошондой студенттерди жана алардын өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алууга жана белгиленген мөөнөттөргө баш ийүүгө чакырды.

Эске салсак, быйыл Кыргызстанда 13 медициналык ЖОЖ жана алты колледж мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калган. Анда аталган окуу жайлар окутуунун сапат стандарттарына жооп бербей турганы айтылган.

Scroll to Top