Кызыл-Кыяда унаа айдап качууга шектелген жаран кармалды

Кызыл-Кыяда унаа айдап качууга шектелген жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарында мурда соттолгон жаран унааны айдап качууга шектелүүдө, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну 27-декабрь күнү саат 23:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы кафенин жанында өзүнүн Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз жарандар айдап кетип калгандыгын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Арыз Кызыл-Кыя ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 28-декабрь күнү мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Кадамжай районунун 29 жаштагы Ш.у З. аттуу тургуну Ош шаарынан кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>