Кызыл-Кыяда үч жигит түндө айдоочуну тоноп кеткен

Кызыл-Кыяда үч жигит түндө айдоочуну тоноп кеткен

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында тургунду тоноп кеткен деп шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-февралга караган түнү саат 02:00 чамасында болгон. 24 жаштагы тургун Opel Vectra унаасы менен баратканда аны бейтааныш үч бала токтоткон. Андан кийин алар айдоочунун телефонун жана унаасын тартып алып, качып кетишкен.

Унаасын тарттырган жаран көчөдө баратып жол кыймылынын коопсуздугун караган кызматкерлерге жолугуп калып, окуя тууралуу айтып берген. Кызматкерлер издөө иштерине киришип, кылмышкерлер унаа менен баратып жол кырсыгына кабылганын аныктаган.

Жабырлануучу милицияга арыз жазып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) жана 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, алар кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 21 жаштагы К.Т., 19 жаштагы С.П. жана Б.И. аттуу тургундарды кармаган.

Учурда кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>