Бишкекте курулуш компаниянын үлүшчүлөрү митингге чыгышты

Бишкекте курулуш компаниянын үлүшчүлөрү митингге чыгышты

«Көк-Жар” конушунун Молдокулов көчөсүндө “М строй” курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү бир нече күндөн бери митинг өткөрүп жатат. Бул тууралуу алар Reporter.kg’ге билдиришти.

Алар президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы  Камчыбек Ташиевге кайрылып, укугун коргоону суранышат.

Алардын айтымында, компаниядан 250 жаран жабыркаган. Алардын ар бири 2021-жылдан бери кеминде 50 миң доллардан акча төгүшкөн.

“Компаниянын жетекчиси Медетбеков үлүшчүлөрдүн арызынан кийин 12 жылга соттолду. Бирок биздин кайтарылган жок, же болбосо компаниянын башка өкүлдөрү, негиздөөчүлөрү батирлерди бүтүрүп беришпеди. Алар көп кабаттуу батирлерди, жер тилкесинин ээси менен бирге өзүнө каттатып алышкан”, — дейт үлүшчүлөр.

Митингге чыккандардын көпчүлүгү учурда жер төлөөдө, боз үйдө жашоого аргасыз болуп жатканын билдиришти.

«Бүгүн Сведлов районунун акими менен жолугушуу өттү. Бирок маңыздуу эч нерсе айтылган жок», — дешет алар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>