Бишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөтКыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалуудаКурулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөтКыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болдуСадыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырды
Кызыл-Кыяда жашы жетпеген кызды тоноого шектелген адам кармалды
19.09.2025 | 12:18

Баткен облусунун, Кызыл-Кыя шаарында 17 жаштагы кыздан уюлдук телефонун тартып алган 22 жаштагы жигит кармалды.
Облустук милицидан кабарлашкандай, окуя Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде болгон. Кыздын апасы милицияга кабар берген.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Тоноочулук”) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү Т.С. Ноокат районунун Тоолос айыл аймагынан кармалып, тергөө амалдары уланууда.