Кызыл-Кыядагы лицейдин мугалими бир эмес жети окуучуну сабаган

Кызыл-Кыядагы лицейдин мугалими бир эмес жети окуучуну сабаган

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында «Сапат» лицейинин мугалиминин колунан 7 окуучу жабыркаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, педагог кол көтөргөн балдар 10-класстын окуучулары.

«Алардын бирөөнүн мурду канаган, дагы бирөө башы жана жүрөгү айланып жатканын айткан. Жалпысынан 7 окуучу жабыркайт. Министрлик «Сапатка» жатаканалардын шартын жакшыртуу жана көзөмөлдү күчөтүп, зомбулукка жол бербөө тапшырмасын берди», — деди Муратбек Касымалиев.

Ички иштер министринин орун басары  Октябрь Урмамбетовдун маалыматында, лицейдеги окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. Балдарды сабаган мугалим үй камагына чыкты.

Белгилей кетсек,  22-январда 35 жаштагы Г.О. аттуу, түрк тил мугалими 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн, аны коридорго алып чыгып, бетине бир нече жолу уруп жиберген. Бул боюнча видео интернетте таркагандан кийин, 25-январда гана белгилүү болгон.

«Бакырып күлгөнү үчүн урган». Баткенде окуучуну сабаган мугалим кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>