Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Москвада мигранттардын катышуусунда массалык мушташ болду
19.10.2021 | 11:36
Москвада эмгек мигранттарынын катышуусунда дагы бир массалык мушташ болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
РЕН ТВга белгилүү болгондой, окуя борбордун түндүгүндө, Коптево аймагында орун алган. Анда эркектер спирт ичимдиктерин ичип жатканда болгон. Мушташка катышкандардын арасында мигранттар да, орустар да бар, анын ичинде «Жилищник» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин кызматкерлери болгону айтылууда.
Бычактан жаракат алгандардын бири ооруканага жаткырылган.
Окуянын натыйжасында 23 адам кармалган. Полиция текшерип жатат. Мушташтын катышуучулары депортацияга туш болушу мүмкүн.
Сүрөт: иллюстарциялык
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар