Үч унаасын ээлеп алган: Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалдыБШК бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттарын мандатынан ажыраттыСууну үнөмдөө гана жетишсиз — эксперт Булат Есекин Борбордук Азиянын келечеги тууралуу«Тез балык жай балыкты жутат»: МинКабдын мурдагы башчысы Борбордук Азиядагы чакырыктар тууралууКРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылдыБостериде VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму ачылды
Легендарлуу ырчы Тото Кутуньо каза болду
22.08.2023 | 22:08
Легендарлуу италиялык ырчы жана композитор Тото Кутуньо узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу ANSA агенттиги билдирди.
Ал 80 жашта эле. Он жылдан ашык убакыт мурун дарыгерлер Кутунього рак деген диагноз коюшкан. Ага татаал операция жасалган жана андан кийин узак, оор химиотерапия курсун өткөргөн.
Анын чыныгы аты Сальваторе. Ал L’italiano ыры менен белгилүү болгон. Адриано Челентано, Джо Дассин жана Далида менен кызматташкан.
Ал 50 жылдан ашык сахнада ойноп, 280 ырдын автору болду, анын ичинде Et si tu n`éxistais pas, Salut, Ciao, bambino, sory сыяктуу хиттери бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар