Лейлекте аялдардын өлүмү. Милиция өз өмүрүн кыюуга эмне себеп болуп жатканын айтты

Лейлекте аялдардын өлүмү. Милиция өз өмүрүн кыюуга эмне себеп болуп жатканын айтты

Лейлек районунун Андарак айылында 2023-жылдын 11 ай ичинде 7 аял өз өмүрүнө кол салып, бешөө каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын айтымында, суициддин себептери белгисиз.

«Жергиликтүү милиция бул иштер боюнча иликтеп чыкканда, аялдардын келин болуп түшкөн үйлөрүндө социалдык жактан кыйынчылык бар экени жана жолдоштору сыртка мигрант болуп чыгып кеткендиги аныкталган. Өлүмдүн так себеби белгисиз», — дейт милиция.

Каза болгон аялдардын эң жашы 20, ал эми эң чоңу  43 жашта болгон.

Белгилей кетсек, бул маселени Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев көтөрүп чыгып, айылда бир үйдө 6-7 үй-бүлө жашарын айтып, жер бөлүп берүүнү сунуштаган.

Лейлек акимиатынын маалыматында, район боюнча 17 миңге жакын жаран жер алуу үчүн кезекте турат. «Бул маселе баардыкм айылдарда курч», — дейт жергиликтүү бийлик.

Акимиаттын маалыматында, Андарак айылында жалаң тажик тектүү жарандар жашайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>