Лейлектин тургуну чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөн

Лейлектин тургуну чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөн

Баткен облусунун Лейлек районунун тоолордун биринде мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-июлунда Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү  кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде, Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде чет өлкөлүк 37 жаштагы Н.А. аттуу жаран аныкталып кармалды.

Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, ушул жылдын 2-июнунан бери Лейлек районунун 64 жаштагы тургуну Б.И.нин мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөндүгү аныкталды.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: лейлек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>