Ленин округу: Шайлоодо добуш сатып алгандарга иш козголду

Ленин округу: Шайлоодо добуш сатып алгандарга иш козголду

29-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Добуштарды сатып алуу») боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу  борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү катары В.Р менен жана А.А. кармалган.  Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер делген Дамира Ниязалиева менен У.Р.» сүйлөшүүсү деген аудиосу тараган.

Кошумчалай кетсек, 29-майда БШКга талапкер Д.Н. дин тарапташтары шайлоочуларды сатып алган деген шек менен маалымат түшкөн.  Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча 35,83% добуш менен алдыда келе жаткан Дамира Ниязалиева туура келет. Башкача айтканда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгү ага добуш берди.

Өз кезегинде БШК материалдарды текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

ЖК депутатын шайлоо. Кайсы талапкер алдыда?

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>