Ленин РИИБдин бөлүм башчысы пара менен кармалды

Ленин РИИБдин бөлүм башчысы пара менен кармалды

Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

25-августта Ч.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>