Липосакциядан кийинки өлүм: Хирург камакка алынды  

Липосакциядан кийинки өлүм: Хирург камакка алынды  

Денесиндеги ашыкча майларды сордуртуудан (липосакция) каза тапкан аялга операция жасаган хирург камакка алынды. Мындай чечим Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынганын Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

“ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш -жазык кодексинин 146-беренеси боюнча («медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо») козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүлүп жатат. Шектүү деп кармалган Г.Л. аттуу хирург СИЗО-1 абагында болот”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 10-июнда жеке клиникалардын биринде операциядан кийин 40 жаштагы бейтап өзүн начар сезип, тез жардам кызматы менен Улуттук госпиталга түшкөн. Төрт күндөн кийин аял каза болуп калган. Анын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Хирург

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>