Литвада тоталитардык режимди пропагандалоого тыюу салынды

Литвада тоталитардык режимди пропагандалоого тыюу салынды

Литвада 1-майдан тарта «Тоталитардык, авторитардык режимдерди жана алардын идеологияларына тыюу салуу тууралуу» мыйзам күчүнө кирди.

Мыйзамга ылайык, тотаритардык жана авторитардык режимдердерди жана алардын идеологиясын пропаганда кылган маалымат, символика жана башка нерселерге тыюу салынат. Ага байланыштуу коомдук жайлардагы советтик эстеликтер алынып, Литванын тарыхындагы совет доору менен байланышкан көчө жана аянттардын аттарын өзгөртүү керек болот. Кайсы бир объектти прораганданын үлгүсү катары таануу иштерин тиешелүү борбор алып барат.

Белгилей кетсек, Литва, аны менен бирге Латвия жана Эстония мурда СССРдин курамында болгон өлкө катары Советтер Союзуна кирген мезгилди оккупация катары баалайт. Аталган өлкөлөрдө советтик доорго таандык көптөгөн эстеликтер коомдук жайлардан алынган же башка жерге көчүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>