Видео: Ачкачылык жарыялаган Нурлан Асанбеков үй камагына чыкты

Видео: Ачкачылык жарыялаган Нурлан Асанбеков үй камагына чыкты

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Нурлан Асанбековдун баш коргоо чарасы каралды. Ал буга чейин массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга шектелип укук коргоочу, саясатчы жана активисттер менен бирге камакка алынган.

Асанбеков 1-ноябрдан бери ачкачылык жарыялап, ден соолугу начарлагандыктан сотко дарыгердин коштоосунда келген.

Соттун чечими менен ал 20-декабрга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, Нурлан Асанбеков кармоолор болгон учурда Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Нурлан Асанбековдун бир тууган эжеси Дамира Асанбекованын айтымында, иниси 10 жаштагы кызын жалгыз багып келет. Ошондой эле, майыптыгы бар 5 жашар кызына материалдык жардам көрсөтүп турат.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>