Маданият министрлиги Чокоев менен Примбердиевди наамдарынан ажыратууда  

Маданият министрлиги Чокоев менен Примбердиевди наамдарынан ажыратууда  

Маданият министрлиги эстрада ырчыларынын жосунсуз жоруктарына карата чара катары аларга берилген наамдарды кайра чакыртып алууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Илязбек Балташев “Фейсбук” баракчасына жазды. 

Ага ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, 2011-жылы Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлган.

Ошондой эле аталган берүүгө катышкан дагы бир ырчы  Кайрат Примбердиевдин “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Президенттик Аппараткажөнөтүлгөн.

Муну менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталган.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоев ютубда жаңы берүү ачкан. Ал жака жылдыздарды чакырып, эч кандай чектөөсүз, уят сөздөрдү колдонуп, бирин-бири сындаган 2-3 берүүсү жарыяланган.  Алардын бирине конок катары Кайрат Примбердиев да барган эле.  

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>