Илон Маск Трамптын Украинага жаңы президент шайлоо чакырыгын колдодуКыргызстанда беш жылда чекене соодадагы базарлардын үлүшү 38%дан 33%га чейин төмөндөдүЭр-Рияддын аэропортуна кол салуу: 12 адам каза болуп, 309у жаракат алдыКыргызстандын башчысы өлкөнүн түштүгүнө эки күндүк сапар менен барат — Аскат АлагөзовТаттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалуудаТрамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айтты
“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов абакта калтырылды
04.12.2023 | 14:54
“Мадина” базарынын кожоюну Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 4-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Белгилей кетсек, Турсунтай Салимов уюшкан топ түзүү же ага катышууга шектелип 7-октябрда кармалган.
Анын маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин кудасы экендиги айтылып келет.
67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом