«Мадина» базарынын ишкерлерине көчүүгө үч ай убакыт берилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Мадина» базары 1-августтан тарта жабылбай турганын билдирди. Анын тапшырмасы менен мурда берилген билдирме (эскертүү) артка кайтарылып, ал эми ишкерлерге этап-этабы менен көчүү үчүн кошумча убакыт берилет.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, соодагерлер жаңы жерге жайгашуусу үчүн үч айлык жеңилдетилген мөөнөт («каникул») берилет. Ошол эле учурда жаңы базардын ээлерине биринчи кезекте соода кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү тапшырылды.
Муниципалитет башчысы буга чейин ишкерлер менен биргеликте жаңы соода аянтына барганын, ал жерде ишти толук кандуу баштоого чейин четтетилиши керек болгон кемчиликтер аныкталганын эске салды.
Ишкерлердин демилгеси менен макулдашуу комиссиясы түзүлгөн, бирок анын ишин токтотуу чечими кабыл алынды. Мэрдин айтымында, ишкерлердин өкүлдөрү бирдиктүү позицияны иштеп чыгып, аны калган соодагерлерге жана шаар тургундарына жеткире алышкан эмес.
Жунушалиев соода орундарын ижарага алуу маселесине өзүнчө токтолду. Ал ижаранын учурдагы шарттары сакталарын белгиледи. Ошону менен бирге жаңы базардын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды.
Ошол эле учурда колдонуудагы тартипте соода орундарын ижарага алуу укугун өткөрүп берүү же сатып алуу каралган эмес. Мэрдин айтымында, мындай укуктарды өткөрүп берүү үчүн акча каражаттарын алуу боюнча мурдатан келе жаткан практикага (көрүнүшкө) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан укуктук баа берилип, токтотулушу керек.
Колдогу маалыматтарга караганда, мындай «укуктарды өткөрүп берүүнүн» баасы бир чарчы метр үчүн 3 миң АКШ долларынан башталып, айрым учурларда 240 миң АКШ долларына чейин жеткен.
«Мадина» базарынын ээлерине Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, аймакты мындан ары өнүктүрүүнүн жана көрктөндүрүүнүн эскиздик долбоорун сунуштоо дагы тапшырылды.
Жунушалиев белгилегендей, мэрияга базардын санитардык абалына, башаламан унаа токтотуучу жайларга жана коомдук тамактануучу жайлардын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу тургундардан бир нече жолу кайрылуулар түшкөн.
«Ишкерлерге кам көрүү менен бирге, биз шаар тургундарын да унутпашыбыз керек. Сатып алуучулар товарларды коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда сатып алышы керек», — деп баса белгиледи мэр.
Анын айтымында, шаардык базарларды модернизациялоо — борбор калаанын соода инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Учурда ушундай эле иштер «Орто-Сай», «Кудайберген» жана «Дордой» базарларында да жүрүп жатат, ал жакта дагы инфраструктура жаңыланып, анын ичинде жолдор оңдолууда.