Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
UIM F1H2O: Ысык-Көлдө Роналду, Жеки Чан жана Ван Дамм күтүлүүдө
30.07.2026 | 11:08

Суу-мотордук спорт боюнча UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этабынын уюштуруучулары бир катар дүйнөлүк атактууларга, анын ичинде Криштиану Роналду, Жеки Чан жана Жан-Клод Ван Даммга чакыруу жөнөтүштү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын Суу-мотордук спорт федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов билдирди.
Анын айтымында, уюштуруучулар футболчу Криштиану Роналдуга, актёр Жеки Чанга жана актёр Жан-Клод Ван Даммга расмий чакыруу жөнөтүшкөн.
«Биз Жан-Клод Ван Даммга да, Жеки Чанга да чакыруу жөнөттүк, билдирүүлөр бир эмес, бир нече жолу жиберилди. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер графиктеринин тыгыздыгына байланыштуу бул ирет аларды Ысык-Көлдө көрүүгө мүмкүн болбой калса, анда кийинки этапка алар сөзсүз келишет», — деп билдирди Абылкасымов.
Учурда Ысык-Көлдүн жээгинде суу-мотордук спорт боюнча UIM F1H2O Кыргызстандын Гран-приси өтүп жатат. Бул — Борбордук Азиянын тарыхында спорттун ушул түрү боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи этабы.