Мадумаров соттор менен прокурорлорду сынга алды — видео

Мадумаров соттор менен прокурорлорду сынга алды — видео

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров прокурорлор жана соттордун ишин сынга алды.

Жыйында ал Кыргызстанда мыйзамдар аткарылбай жатканын сөз кылып, башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевден мурдагы саламаттык сактоо министри Алмазбек Бейшеналиевге ачылган иш боюнча күнөөлүү болуп же болбогонун сурады.

Ишеналиевдин айтымында, тергөөнүн жыйынтыгы менен иш кыскартылган.

Андан кийин Мадумаров иш жабылгандан кийин мурдагы министр күнөөсүз болгонун айтып, күнөөсүз кармаганы үчүн прокуратура тараптан ким жоопкерчиликке тартылганын сурады.

«Бул маселе толук каралгандан кийин, жооп берилет», — деди Ишеналиев.

Сөзүн улай Мадумаров Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып, соттор ээрчиме болуп калганын айтты.

«Прокурорлор кандай өтүнүч келтирсе, аны колдоп берип жатасыңар. Прокуратура тарабынан мыйзамсыз өтүнүч болсо, «колдоп бере албайбыз» деген сотту көргөн жокмун.

(…) Мыйзамсыз кармалган 26 кишиге прокуратура кандай сүйлөсө, сот аны карап отурат. Соттордун баарын жетелеп алыптыр. Кыпкызыл жалганды үйүп жатса дагы, сот «ушулар туура» дейт. Кыргыз сотунан жабыркабаган жаран калган жок. Саламаттык сактоо министри чоң жигиттин досу экен, эптеп чыгып кетти. Калгандар досу жок болсо эмне кылат? Досу жоктор адилеттүүлүктү каяктан издейт?», — деди ал.

Ошондой эле Мадумаров прокуратура кызматкерлери тарабынан камакка алынган жарандар (Кемпир-Абад иши боюнча — ред.) менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>