Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын экспорттойт
11.01.2023 | 18:59
Тажикстан менен Ооганстандын энергетикалык компаниялардын жетекчилери 2023-жылы кызматташуу боюнча документке кол коюшту. Кол коюу Түркиядагы жолугушууда болгонун бүгүн, 11-январда Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, тажик энергохолдинги «Барки Точик» менен ооган энергетикалык компаниясы «Да Афганстан Брешна Шеркат» (DABS) электр энергиясын экспорттоо боюнча макулдашууга жетишти. Бул боюнча келишимге компаниялардын өкүлдөрү Махмадумар Асозода (Тажикстан) жана Мохаммад Ханиф Хамза (Ооганстан) кол коюшту.
Ооганстан Тажикстандан электр энергиясын негизги импорттоочу болуп саналат. Ошол эле учурда Кабул былтыр Дүйшөмбүгө 28 миллион долларга жакын карыз болгон.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар