Мадумаровду жоопко тартуу сунушу. Депутаттык комиссиянын курамы

Мадумаровду жоопко тартуу сунушу. Депутаттык комиссиянын курамы

Депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган маселе боюнча парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрылган. Маселени кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирген.

Эскерте кетсек, бүгүн, 31-майда парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиев депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден кайрылуу келип түшкөнүн билдирген.

Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга даярдык көрүү), 36-326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү), 338-берене 3-бөлүгү (Бийликтен аша чабуу) боюнча айып тагылып жатканы белгилүү. 

Мадумаровго тагылып жаткан айыптар Кемпир-Абад иши менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартуу үчүн ЖКнын макулдугун сурады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>