Башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартуу үчүн ЖКнын макулдугун сурады

Башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартуу үчүн ЖКнын макулдугун сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратурадан сунуш келип түштү. Бул тууралуу 31-майда парламенттин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура парламенттен макулдук берүүнү өтүнүп, маселени күн тартибине киргизип берүүнү суранган.

“Биз бул маселени 48 сааттын ичинде карап, комиссия түзүшүбүз керек. Фракциялар комиссия түзүү боюнча сунуш бериңиздер”, — деди төрага.

Өз кезегинде Адахан Мадумаров эмне маселе боюнча айып тагып жатканына кызыгып, “мага дагы чагылгандай жаңылык болуп жатат. Эмне маселе боюнча айып тагылып жатат?”, — деп сурады.

Төрага кайсы беренелер боюнча айып тагылып жатканын айтты: Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга даярдык көрүү), 36-326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү), 338-берене 3-бөлүгү (Бийликтен аша чабуу).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>