Кемпир-Абад иши: Канча киши камакта, кимдер абактан чыкты?

Кемпир-Абад иши: Канча киши камакта, кимдер абактан чыкты?

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жети киши кечээ, 12-апрелде тергөө абагынан үй камагына чыгарылды.

Биринчи май райондук соттун чечими менен былтыр 22-октябрдан бери камакта отурган Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Улугбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов үй камагына чыкты.

Буга чейин Талант Эшалиев, Нурлан Асанбеков, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова үй камагына чыккан. Үй камактагылардын катарында мурдагы депутат Канат Исаев да бар. Ал октябрь айындагы жапырт камоолор учурунда 2017-жылдагы иши боюнча кармалган.

Ошол эле учурда Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрь айында кармалган башка 15 адам камакта отурат. Дагы бир киши — активист Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) издөөгө алынган.

Камакта отургандар:

1. Активист Али Шабдан

2. Активист Эрлан Бекчороев

3. «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов

4. Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков

5. Укук коргоочу Рита Карасартова

6. Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бусурманкулов

7. Активист Атай Бейшенбек

8. Журналист  Айданбек Акматов

9. Активист Марат Баязов

10. Активист Акыл Айтбаев

11. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев

12. Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Бектур Асанов

13. Мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров

14. Мурдагы депутат Азимбек Бекназаров

15. Активист Илгиз Шаменов (ден-соолугу начарлаганына байланыштуу 10-апрелде ооруканага жаткырылган)

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>