Мадумаровдун кармалышы: Бишкек шаардык сотуна апелляция берилди

Мадумаровдун кармалышы: Бишкек шаардык сотуна апелляция берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун камакка алынышынын мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу депутаттын Telegram-каналында айтылды.

Маалым болгондой, буга чейин Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин камакка алган.

«Оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу жазылган. Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну 13-сентябрда саат 15:00дө карайт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

Мадумаров кармалган күнү депутат Гуля Кожомкулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирген.

6-сентябрда парламенттин жыйында Кожомкулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин айткан. Башкача айтканда, укук коргоо органдарында Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси жоопко тартууга парламенттин макулдугу жок экенин белгилеген.

Ошондой эле Кожомкулова ИИМ кызматкерлери Мадумаровду кармаганда, саясатчынын 13 жаштагы уулун да кармап кетип, аны ИИМдин тергөө абагында 3 саат кармап отурганын билдирип, укук коргоо органдарынын иш-аракетин сындаган.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынган.

Депутат: Милиция Мадумаровдун 13 жаштагы уулун 3 саат кармап отурган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>