Махмудов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты — видео

Махмудов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты — видео

Балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Чейрек финалда ал түркиялык балбан Юнус Эмре Башар менен күрөшүп, аны 9:7 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалдык беттеш саат 22:00дө башталат. Анда Акжол Махмудов кореялык Хён У Ким менен күрөшөт.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын беттештерин Дүйнөлүк күрөш уюмунун www.uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.

Кыргызстандык грек-рим балбандарынын биринчи кармаштагы атаандаштары жана килем үстүнө чыга турган күнү:

10-сентябрь, 77 кг1/16 финал

Акжол Махмудов — Жоилсон де Брито (Бразилия)

10-сентябрь, 87 кг, квалификациялык раунд

Атабек Азисбеков — Рониссон Брандао Сантьяго (Бразилия)

11-сентябрь, 63 кг, квалификациялык раунд

Тынар Шаршенбеков — Кристобаль Алонсо Торрез Нунез (Чили)

11-сентябрь, 67 кг, квалификациялык раунд

Амантур Исмаилов – Кристиан Истван Ванца (Венгрия)

11-сентябрь, 97 кг, квалификациялык раунд

Бексултан Махмудов — Тадеуж Михалик (Польша)

12-сентябрь, 60 кг, 1/8 финал

Жоламан Шаршенбеков  — Марат Гарипов (Бразилия) менен Кристиан Кечкеметинин (Венгрия) беттешинин жеңүүчүсү

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>