Өлкөдө 11-12-сентябрда суук түшөт

Өлкөдө 11-12-сентябрда суук түшөт

Кыргызстандын аймагында 11-12-сентябрда суук болушу күтүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, аба ырайынын кескин өзгөрүп, көп аймактарда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 12-13-сентябрь күнү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°га чейин төмөндөйт.

Ал эми бул күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүзү 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>