Махмудовду дүйнө чемпионатынын финалында уткан балбан Олимпиадага жолдомо алды

Махмудовду дүйнө чемпионатынын финалында уткан балбан Олимпиадага жолдомо алды

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовдун (77 кг) Парижде өтө турган Олимпиада оюндарындагы атаандаштарынын бири алмашты.

Белгилүү болгондой, 9-12-майда Түркияда дүйнөлүк лицензиялык мелдеш өтүп, анда Олимпиадага күрөш боюнча соңку үчтөн жолдомо ойнотулган. Анда 77 кг салмакта лицензияга болгариялык Айк Мнацаканян, венгриялык Золтан Леваи жана россиялык спортчу Сергей Кутузов кол жеткизген.

Жакында эле Эл аралык олимпиадалык комитет Россия менен Украинанын ортосундагы согушка байланыштуу, ал согушту колдогон же күч түзүмдөрү менен байланышы бар россиялык жана беларустук спортчуларды Олимпиадага катышуусуна тыюу салган чечим чыгарган. Бул тизмеде россиялык Сергей Кутузов да болгон. Мындан улам Дүйнөлүк күрөш уюму Кутузовдон алынган лицензияны америкалык Камал Бейге берди. Камал Бей Түркиядагы мелдеште үчүнчү жолдомо үчүн Золтан Леваи менен күрөшүп, бирок жеңилүү ызасын тартып калган.

Камал Бей — Акжол Махмудовдун эски атаандаштарынын бири. Буга чейин алар жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында эки жолу күрөшкөн. Биринчи беттеш 2017-жылы финалда болуп, анда Акжол Махмудов 11:16 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган. Алтын үчүн беттешке чыгып жатканда Махмудовдун кабыргасында жаракаты болгон. Ал жаракатты жарым финалда алып калган.

Экинчи беттеш да жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында 2018-жылы болуп, бул жолу спортчулар коло үчүн күч сынашкан. Анда Махмудов Камал Бейди 8:1 эсебинде жеңген.

Камал Бей — Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл), Пан-Америка чемпионатынын жеңүүчүсү, күмүш жана коло байге ээси (2023, 2019, 2024-жыл).

Акжол Махмудовдун Олимпиададагы бардык атаандаштары белгилүү болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>