Махмудовдун атасы: Кыргызстанда болгондо, уулумду сыйлоо аземине жөнөтмөк эмесмин

Махмудовдун атасы: Кыргызстанда болгондо, уулумду сыйлоо аземине жөнөтмөк эмесмин

Ишемби күнү, 3-февралда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 2022-жылдагы жетишкендиктер үчүн дене тарбия жана спорт өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Анда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча биринчи дүйнө чемпиону Акжол Махмудов жана 2008-жылы Олимпиада оюндарында күмүш байге алган Канат Бегалиев «Даңк» ордени менен сыйланды. Ошол эле учурда алардын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы гана берилди.

Бул маселе боюнча спорттук баяндамачы Тахир Гафуров «Фейсбуктагы» баракчасында оюн билдирип, Мейрамбек Ахметовго жок дегенде энчилүү саат берилсе болмок деп жазган.

Ал посттун алдына Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов комментарий калтырып, өз нааразылыгын билдирген.

«Сыйлоо аземи болгон күнү Кыргызстанда болбой калдым. Эгерде үйдө болгонумда Акжолду жөнөтмөк эмесмин. Ошондо Акжол эмнеге жок деген суроо пайда болсо керек эле. Ошондо, өлкө башчыбызга же өкмөт башчысына үнүбүз жетсе керек эле. Канатбек Бегалиевди, Акжол Махмудовду тарбиялаган жеке машыктыруучусуна мамлекеттик сыйлык берилбесе, окуучуларына да сыйлык жок деген таризде. Мейрамбек Ахмедовду Спорт департаменти сыйлыкка көрсөтүптүр деп уккам. Өкмөт жактан сыйлыктарды берчү бөлүм «мурда да алган» деп кыскартып салыптыр. Мейрамбек агайдын сыйлык берген бөлүмдүн алдындагы күнөөсү жакшы иштеп, жылда чемпиондорду даярдаганында экен», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш медаль алгандан кийин жеке машыктыруучусу катары Мейрамбек Ахметовго 2,5 млн сом акчалай сыйлык жана экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган.

Бегалиев, Махмудов, Шаршенбеков «Даңк» орденин алды (Тизме)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>