ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Чүйдүн Калыгул айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди
07.02.2023 | 14:39
Чүй районунун Калыгул айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тынымсейит Оңолбаев атындагы орто мектептин ачылышына арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
Чүй районунун акими Жыргалбек Шакиев мектептин курулуш тарыхына учкай токтолуп, жаңы мектептин курулушу айылдыктар үчүн абдан кубанычтуу окуя болуп жатканын белгиледи.
Ачылыш аземдин алкагында салт болуп калган кызыл лента кесилип, расмий меймандар мектептин ичин кыдырып көрүп чыгышты. Мектеп заманбап спорт залы, ашканасы менен курулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом