Майлуу-Суунун тургуну Гүлнара Токторбаева 4 айдан бери дайынсыз

Майлуу-Суунун тургуну Гүлнара Токторбаева 4 айдан бери дайынсыз

Майлуу-Суу шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Токторбаева Гүлнара Латиповна 2022-жылдын февраль айынан бери байланышка чыкпай, дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Токторбаева Гүлнара Латиповнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 150-155 см, чачы кыска кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, оң бутуна аксап таяк таянып басат.

Кийген кийимдери: үстүндө кара-кызыл гүлдүү көйнөк, бутунда резина тапочка болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Токторбаева Гүлнара Латиповна боюнча кандайдыр бир маалымат болсо 03744-5-06-33,  102,  0755-66-62-88,  0558-99-80-81 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>