«Элита Центро Стройго» Тюбеев «крышабы»?

«Элита Центро Стройго» Тюбеев «крышабы»?

Бишкек шаарынын Тимур-Фрунзе-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги беш этаждуу эки имараттын курулуш 30 жылдан бери бүтпөй келет. Бул райондон 1 гектар 22 сотых жер Айыл чарба министрлиги алдындагы “Чолпон” кооперитивине жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

«МедиаХаб» «Чолпон» кооперативге берилген жер, курулушу бүтпөгөн үйлөргө кимдер ээлик кылганы тууралуу иликтөөсүн жарыялады.

» Мекеним Кыргызстан» партиясынан чыккан Тимур Тюлеев тууралуу дагы сөз болот.

Планга ылайык, «Чолпон» кооператив ал жерге төрт блоктон турган чоң микрорайон салмак. Бирок, ал ишке ашпай, курулуш иштери токтоп калган. 1999-2000-жылдары курулуш чала бүткөн үйгө айрым адамдар кирип, өз алдынча жашай башташкан. Учурда алардын колунда эч кандай документ жок.

Кийин 2015-жылы кооператив банкротко учурады деген жүйө менен 1 гектар 38 сотых жер 3 млн сомго Экономика министрлиги алдындагы банкроттоштуруу депатаменти тарабынан жеке менчик колго сатылып кеткен. Жерди Бишкек шаардык кеңештин 2018-2021-жылдардагы депутаты, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан чыккан Тимур Тюбеевдин апасы алган. Жер ошол эле жылы Тюбеевдин өзүнө белек катары өткөнүн документтер “Кадастардын” документтери көрсөттү. Кийин Тюбеев бул жерди “Турна Девелопмент” деген компанияга саткан. Бирок, бул компания Тюбеев өзүнүкү экенин айтып келет.

“Элит Центро Строй” курулуш компаниясына байланган окуя мына ушул жерден башталат.

2019-жылы Тюбеев ал жерге (39 сотых жерге) “Элит Центро Строй” курулуш компаниясы менен бирге үй сала баштайт. Ал эми бул үйдүн фундаменти 2 кабаты совет доорунда эле курулуп калган. Тюбеев чала бүткөн курулушту улап, “Элит Центро Строй” аркылуу элге сатып бүткөн. Бирок, бүгүнкү күндө курулуш чала бүтүп, акчасын төлөп койгон эл үйлөрүнө кире элек.

Кызыгы, “Элит Центро Строй” куруп жаткан 39 сотых жерди 2017-жылы Тюбеев “Альянс Холдинг” курулуш компаниясына 150 миң долларга сатканын атайын түзүлгөн келишимден көрсө болот. Бирок, Тюбеев жерди саткан кишиге берген эмес, атүгүл жер “Халык Банк Кыргызстанда” күрөөдө болгон болот. Калган 1 гектарга жакын жерди Тюбеев 17ге бөлүп саткан.

Тимур Тюбеев бул иштер боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул иш журналисттер тарабынан иликтенип жаткан учурда, жердин аятынан айырмачылыктар табылган. Тагырагы, “Кадастар” берген маалыматка ылайык, “Чолпонго” 1 гектар 22 сотых жер берилген. Банкротко учураганда, 1 гектар 38 сотых жер жеке менчикке өтүп жатат. Ортодогу айырма 15 сотых.

Учурда “Чолпонго” караштуу беш кабаттуу бир үйгө өз алдынча кирип жашап алгандардын колунда эч кандай дркумент жок, эч бир жерде каттоодо дагы турушпайт. Ал эми “Элит Центро Строй” курган экинчи беш кабаттуу үйлөр сатылып кеткени менен ээлерине бериле элек. Жалпы 85 квартира болсо, 130 кишиге сатылып кеткенин үй алгандар айтышты.

Калган ишти териштирип чыгыш укук коргоо органдарынын колунда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>