Маймыл чечек оорусуна даяр болушубуз керек, — Касымбеков

Маймыл чечек оорусуна даяр болушубуз керек, — Касымбеков

Кыргызстанда маймыл чечек оорусу каттала элек. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн 25 миллион доллар бөлүп берүүдө. Анын 12 млн доллары насыя катарында берилүүдө. Долбоордун макулдашуусу аталган комитеттин жыйынында каралууда.

Жыйында депутат Таалайбек Масабиров вакцина сасык тумоо менен ооругандарга таасир бербей турганын айтып, балдардын жугуштуу оорулары жана маймыл чечек оорусу да чыгып жаткандыгына токтолду.

Ал эми Жаркынбек Касымбеков: “Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин вирустук ооруларды көтөрүү жеңил болот деп айтылган. Бирок, бул ар бир адамдын иммунитетине жараша болот. Эгер иммунитети начар болсо, албетте ооруп калып жатышат. Учурда балдардын жугуштуу оорулары өзгөрүп, татаалдашып жатканын окумуштуулар айтып жатышат.  Ал эми маймыл чечек бизде азырынча каттала элек. Эгер оору келсе, ага даяр болушубуз керек. Ал боюнча өзүнчө иш алып барабыз”, — деп жооп берди.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>