Кандай медклиникаларга кайрылбоо керек?

Кандай медклиникаларга кайрылбоо керек?

Кандай гана медициналык мекемеде болбосун, лицензия фойедеги көрүнүктүү жерге илиниш керек. Бул тууралуу брифингде аталган башкармалыктын медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Гүласыл Сутуева билдирди.

Анын айтымында, аны менен каалаган бейтап же кардар таанышууга укуктуу.

«Бул медициналык мекеме кандай кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу экенин караңыз. Эгерде андай документ жок болсо, анда андай клиникага кайрылбаганыңыз оң. Ошол эле дарыканаларга да тиешелүү», — деди ал.

Гүласыл Сутуева лицензия алган клиникалардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында да көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда лицензиясы жок 111 жеке медициналык клиника жабыла турганын, мындан тышкары уруксаты жок иштеген 84 дарыкана аныкталганын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>