Максат ажы Токтомушев УКМКнын кызматкерлеринин аракетин чагымчылдык деп баалады — видео

Максат ажы Токтомушев УКМКнын кызматкерлеринин аракетин чагымчылдык деп баалады — видео

Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев УКМК кызматкерлерине пара сунуштады деген социалдык тармактарда тараган видео тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгына карата жөн эле шантаж уюштурулган.

«Жакынкы күндөрү баары ачыка чыгат. Чындык менен жалган анык тастыкталат. Өзү бул иш 2-3 ай мурун эле башталган. 100 ажынын атынан жалган арыз жаздырышып, акчаларыбызды ала албай калдык деген доо менен мамлекеттик эмес мекемени (муфтиятты) текшерүүгө алышкан. Ал кишилердин бирөөсүда акча төлөбөгөн, ал гана эмес катталган дагы эмес болуп чыкты. Бухгалтердин ооруганына карабастан, сахар диабети менен кан басымы начар экенине карабастан УКМКда 5 саат алып отуруп, 1 миллион 300 миң долларды сен депозитке коюптурсуң, коомчулукка чыгып кетсе өтө жаман болот деп провокация кылышкан”, — дейт мурдагы муфтий.

Ошондой эле, Токтомушев УКМКнын кызматкерлери 6-7-8-9-февраль күндөрү коомчулукка чыгып кетсе жаман болот, ишти биз бүтүрүп жатабыз. Бирок чоң сумма менен бүтөт, канча бересиз деп пара талап кылышканын кошумчалады.

“Канча бересиз деп менден сурап, менден пара берүүнү ачык талап кылган. Мен муну билбейм, Жеңиш ажыга айтам, канча депозит берген болсо баарын калтырбай кайтарып берет дегенмин. Мен ишенем, бул ишке УКМКнын төр агасы Камчыбек Кыдыршаевичтин эч кандай тиешеси жоктугуна. Себеби ал чет өлкөдө болчу. Ал эми ажообуз Садыр Нуркожоевичке да айланасындагылар туура эмес маалыматтарды жеткирип турушкан. Азыр тергөө уурунда мен көп нерсени айтып бере албайм. Убакыт келет, сиздерге ачык айкын баарын айтып берем”, — деген Максат ажы Токтомушев.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Максатбек ажы Токтомушев (@maksatbek_ajy)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>