Максим Бакиев Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткенби? Жооп

Максим Бакиев Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткенби? Жооп

Жогорку Кеңештин 30-марттагы жыйынында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тууралуу сөз козголду. Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге кайрылып, Орусия 2008-2009-жылдары Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, анын 150 миллион доллары грант катары берилгенин, андан соң коомчулук бул акчаны 2010-жылдан кийин Максим Бакиев чыгарып кеткенин сурады.

Депутаттын суроосуна Бөкөнтаев “2006-2010-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем, бул акча тууралуу так билем”- деп жооп берди

«7-апрелден кийин бул акча бар болчу, аны эч ким алган эмес, мен өзүм бул каражаттар боюнча Убактылуу өкмөт маалымат бергенден кийин Бишкекте маалымат жыйынын берип, ал жерде бул акча бар деп, Убактылуу өкмөттүн маалыматын төгүнгө чыгаргам. 300 миллион доллардын 80 миллион доллары Камбар-Ата ГЭСине жумшалса, 220 миллион доллардын 190 миллион доллары Улуттук банктын эсебинде, 30 миллион доллары Коммерциялык банктарда депозит катары калган. Менин айткандарымдан кийин дароо жумуштан айдалып, анан иш козгоп, камап салышты. Кийин бардык айыптар алынып салынды, анткени мунун баары жалган эле», — деди Улуттук банктын жетекчиси.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>