Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Максим Бакиевдин жерлери президенттик администрацияга өттү
20.01.2023 | 20:16
Максим Бакиевдин Скрябин көчөсү, 45 жана 45/а даректеринде жайгашкан мурдагы жерлери президенттик администрациянын менчигине өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Эл өкүлүнө “Бишкекглаварархитектурадан” маалымдалгандай, аянты дээрлик 1,3 гектар болгон жерге көп кабаттуу (15 кабатка чейин) үйлөрдү жана бала бакча куруу пландалууда.
Чечим департаменттин шаар куруу кеңеши тарабынан жактырылды. Бирок президенттин администрациясы курулушка уруксат ала элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат