Мамкурулуштун директору Ак-Сайдын эли менен жолугушту

Мамкурулуштун директору Ак-Сайдын эли менен жолугушту

8-октябрь күнү Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев Баткен облусунун Баткен районунун чек-арадагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Ак-Сай айылынын жергиликтүү эли менен жолугушуу өткөрдү, деп билдиришти аталган ведомстводон.

Жолугушуу учурунда Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери менен даярдалып жаткан Ак-Сай айылынын башкы планы тууралуу маалымат берилди. Белгилей кетсек, жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүүдө элет элинин сунуш-пикирлерин эске алуу негизги маселе болуп эсептелет.

Учурда жер-жерлерде чек ара жаңжалынан жабыр тарткан, толугу менен өрттөлгөн турак үйлөрү сүрдүрүлүп, айылдагы ички көчөлөр кеңейтилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>