«Мамлекетке 4 млн сом зыян келтирген». УКМК Таластан эки адамды кармады

«Мамлекетке 4 млн сом зыян келтирген». УКМК Таластан эки адамды кармады

«Талас жашыл чарбасы» муниципалдык ишканасынын директору жана жеке компаниянын өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалгандар Таластагы Э. Кутманалиев атындагы стадионду оңдоп-түзөөдө мамлекетке 4 млн сом зыян келтирди деп шектелүүдө.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, «Талас жашыл чарбасы» ишканасынын жооптуу адамдары стадионду оңдоп-түзөө үчүн тендер өткөрбөстөн, тажрыйбасы жана лицензиясы жок компания менен 25 млн сомго келишим түзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 4 млн сом зыян келтирилгени аныкталган.

Бул иш боюнгча шектүү катары аталган ишкананын директору М.А. жана жеке компаниянын өкүлү Т.С. кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Э. Кутманалиев атындагы стадион 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Стадион пайдаланууга берилгенден кийин бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 2023-жылы августта гана стадиондо оңдоо иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Таластагы стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө (видео)

Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>