Чолпон-Атада Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолукту

Бүгүн, 7-августта, Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.
Жолугушууда Садыр Жапаров Никол Пашинянды өкмөт башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө маани берерин белгилеген.
Өз кезегинде Никол Пашинян Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул эл аралык аренадагы кызматташтыкты тереңдетерин айткан. Ошондой эле ал Кыргызстандын экономикалык өсүшүн белгилеп, Түштүк Кавказдагы транспорттук байланыштардын жакшырышы эки өлкөнүн соода алакасына оң таасир берерин кошумчалаган.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгын достук жана өз ара урматтоо духунда мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөрүн ишеним билдиришкен.