Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт

13.08.2026 | 11:14
Кыргызстанда BARS бренди менен электр унаалары чыгарыла баштайт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электр кыймылдаткычы менен иштеген жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы унаалар чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, учурда унааларды өндүрүү жана чогултуу боюнча автомобиль өнөр жай кластерин түзүү долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алгачкы этабында унааларды ири түйүндүү чогултуу ыкмасы колдонулат. Кийинчерээк майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүү пландалган. Бул ыкма өндүрүштү локалдаштырууга жана автомобиль тетиктерин чыгарууну жолго коюуга шарт түзөрү айтылды.

Ишкананын кубаттуулугу жылына 10 миң даанага чейин автоунааны түзөт. Продукция ички рынокко, ошондой эле Борбордук Азия жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттолот.

Ишкана 15 гектар жер тилкесинде жайгашып, 100 жумуш орду түзүлөт. Объектини 2026-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизүү пландалып жатканы айтылды.

Ошондой эле долбоор толугу менен демилгечинин өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланып жатканы кошумчаланды. Ал эми мамлекет тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Scroll to Top