Жалал-Абадда нотариус 250 миң сом пара менен кармалды — видео

Жалал-Абадда нотариус 250 миң сом пара менен кармалды — видео

УКМК Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында,  У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтка караганда, кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53-мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>