COVID-19: Өлкөдөгү абактарга чектөө киргизилди

COVID-19: Өлкөдөгү абактарга чектөө киргизилди

Кыргызстанда корорнавирус жуктургандардын саны артып жаткандыгына байланыштуу Жазаларды аткаруу кызматы камак жайларынын иштөө тартиби боюнча буйрук чыгарды.

Документке ылайык, тиешелүү жетекчилерге буйрук кылынат:

— ишенип берилген бөлүмдөрдө эпидемияга каршы режимди сактоо иштерин кайра баштоо, дезинфекциялоо иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү;

— кызматка кирүү алдында кызматкерлерди күн сайын текшерүү жана термометрия жүргүзүү;

— медициналык беткаптарды милдеттүү түрдө кийүү жана колду дезинфекциялоочу каражаттар менен сүртүү;

— социалдык аралыкты сактоо жана жамааттык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу;

— кызмат өтөө учурунда, андан кийин кызматкерлер тарабынан кызматтык тартипти жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу фактыларына жол бербөө боюнча чараларды көрүү.

«Буйрук темир тор артында отурган жарандарга жана алардын жакындарына да тиешелүү. Мисалы, тергөө абагына киргизилген адамдар экспресс-тест же ПЦР анализи терс болсо гана кабыл алынат. Соттолгондорду көрүүгө келген жакындарынан ден соолугунун абалы боюнча ошол эле медициналык документтер талап кылынат. Андыктан биолабораториядан тиешелүү справканы күн мурунтан алууга кам көрүңүздөр», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Андан тышкары камак жайларына тез бузулуучу тамак-аш азыктары  өткөрүлбөйт. Термикалык жана дезинфекциялык кайра иштетүүдөн өтө турган гана азык-түүлүктөр кабыл алынат.

Ошондой эле коронавирустун жоктугун тастыктаган документтер ЖАКнын мекемелерине расмий себептер менен келген башка адамдарга, анын ичинде адвокаттарга да керек болот.

Аны менен бирге массалык маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн атайын мекемелерге баруусу чектелет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>