Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Мамлекеттик тил комиссиясына Сыртбай Мусаев жетекчи болду
22.01.2021 | 12:26
Мамлекеттик тил комиссиясына Сыртбай Мусаев жетекчи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, президентинин милдетин аткаруучу, Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Мусаев Сыртбай Жолдошович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.
Ал эми буга чейин аталган кызматты жетектеп келген Назаркул Ишекеев өзү берген арыздын негизинде кызматынан бошотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат